«Анын тагдырын мен чечпейм». Садыр Жапаров Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди. Анда ага камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун жолдогон кайрылуусу тууралуу суроо берилди.

«Кечээ соцтармакта камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун сизге жолдогон кайрылуусу чыкты. Анда ток этерин айтканда Рамазан айында бири-бирибизди кечиришели, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды чыгарыңыз деген ой айтылыптыр. Бул кайрылуу боюнча кабарыңыз бардыр?» — деген суроо узатылды.

Президент анын тагдырын ал чечпей турганын белгиледи. «Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип жатат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды.

Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровко дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. «Илгерки заманын өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө» деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Бул маселеге тарых өзү баа берет», — деп жооп берди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты