«Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча тегерек стол өтүп жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 7-февралда «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Анда депутат Жанар Акаев аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөнүн белгиледи. «Бул мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинетинин корутундусу берилгенден кийин, дүйшөмбү күнү тиешелүү комитетке алып чыгабыз. Арыз ээси кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде деген сөздү алып салуу сунушталган. Арыз ээси кайрылгандан кийин сайттын ээсине кат барбай калышы мүмкүн. Мен кат жазгам деген маселе жаралышы мүмкүн. Эмне үчүн сайт маалыматты өчүрүшү керектигин факты менен аныктап берүү зарыл. Мисалы «Азаттыктын» үстүнөн арыз жазгандар болгон эмес, Маданият министрлиги өздөрү чечим чыгарган. Сөз эркиндиги боюнча артта калган коңшу мамлекеттерде дагы мындай практика жок«, — деди Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты