Анкарада кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү

  • 6 месяцев мурун

Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын протоколуна, Эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана Экспорт тармагында меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылганы айтылат.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жылы Кыргызстандын аймагында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты