Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

  • 1 год мурун

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.

AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.

Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты