“Америкалыктар Covid-19га каршы эмдөө алгандан кийин кулак оорусуна чалдыгып жатышат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг) 

17-сентябрь күнү “abc 15” маалымат сайтында “Миңдеген Америкалыктар коронавируска каршы вакцина алгандан кийин, угуу жөндөмүнүн төмөндөгөнү тууралуу билдиришти” деген маалымат жарыяланган. Анда, вакциналардын угуу жөндөмүн төмөндөткөнү анын дагы бир терс сапаты экени айтылат. 

“Америкалыктар Covid-19га каршы эмдөө алгандан кийин кулак оорусуна чалдыгып жатышат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Вакцинанын терс таасирлери

Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы ондогон вакциналар ойлонуп табылып, 184 өлкөдөгү жарандарга 6.71 миллиарддан ашык доза сайылды. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, вакциналардын адамдарды вирустан коргогондон сырткары кээ бир терс таасирлери бар экени белгиленген.

Алар:

-Баш оору;

-температуранын жогору болушу;

-Муундардын оорусу;

-булчуңдардын сезгениши жана оорушу;

-чарчоо;

-диарея;

-чыйрыгуу;

сыяктуу симптомдор эсептелип, ал эмөөдөн кийин бир жума аралыгында жоголо турганы айтылган. 

Ал эми ДССУ вакцинанын кулактын угуусун начарлата турганын, вакциналардын терс эффектилерине кошкон эмес. 

Эмдөөнүн кулактын угуусуна тийгизген терс таасири байкалган эмес

2020-жылы Британияда, коронавирус менен ооруган адам угуу жөндөмүнөн ажырап калганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок кийинчерээк анын астма оорусунан жабыркай турганы да белгилүү болгон. 

Окумуштуулар, коронавирус илдети нерв клеткаларын жабыркандыктан, ал кулакка да таасир берээрин божомолдошкон. Бирок, бул тууралуу так далилдер айтылган эмес. Анткени көпчүлүк бейтаптарда коронавирус менен ооруп жаткан убакта, даам сезүү жана жыт сезүүдөн сырткары кулак оорулары кездешкен эмес.

Америкада коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин көпчүлүгү, угуу жөндөмүнүн төмөндөгөнүн билдиргени тууралуу маалымат 2020-жылы май айында тараган. Анда, “көпчүлүк тургундар Pfizer/Moderna вакцинасын алгандан кийин  угуунун начарлаганын айтышты” деген маалымат чыккан. 

Бирок окумуштуулар бул маалыматты төгүндөшкөн. Анткени, АКШда мурдагы жылга салыштырмалуу 2021-жылы кулак оорусунан жабыркагандардын саны дээрлик өскөн эмес. Бул тууралуу изилдөө  “JAMA Otolaryngology” журналына жарыяланган. 

“Америкалыктар Covid-19га каршы эмдөө алгандан кийин кулак оорусуна чалдыгып жатышат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг) 

«Акыркы жумаларда, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан коронавирустук вакциналар күтүлбөгөн жерден угуунун начарлашына алып келет деген көптөгөн имиштер айтылды. Биздин байкоолор көрсөткөндөй, АКШнын тургундары арасында мындай көйгөйлөрдүн пайда болуу жыштыгы мурдагы жылдагылардан айырмаланбайт «, — деп жазышкан изилдөөчүлөр.

“Америкалыктар Covid-19га каршы эмдөө алгандан кийин кулак оорусуна чалдыгып жатышат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг) 

Ал эми миңдеген Америкалыктардын эмдөөдөн кийин угуу менен байланыштуу көйгөйлөрү жаралганы тууралуу билдирүүлөр 2021-жылдын март жана апрель айларында тараган. Азыркы учурда, эмдөөдөн кийин бул көйгөйдүн жаралганы тууралуу билдирүү бир гана “abc 15” сайтына жарыяланган. 

Жыйынтык: Коронавируска каршы вакциналар адамдын угуу жөндөмүн төмөндөтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты