Америкалык жарандын 355 күн бою Covid менен ооругандыгы чын (Фактчекинг)

Америкалык жаран 355 күн бою COVID менен ооруган. Чет элдик басылмалар белгилегендей, бейтап мурда лимфома менен жабыркап келген. Дарылоо учурунда ага химиотерапия берилген. Анын натыйжасында, инфекциялар менен күрөшүүчү өлүк клеткалар болгон.

Оору дарылоого реакция кылбайт жана күчөйт. Андан кийин дарылоодо антителолор көп болгон бейтаптардын плазмасын колдонуу чечими кабыл алынган. Аял оңолуп бараткан. Бирок бир жылдан кийин дарыгерлер анын денесинде коронавирустун концентрациясы кескин көбөйгөнүн кайрадан аныкташкан.

Тесттер анын денесинде 1,332 штаммды аныктаган. Ал изилдөө учурунда дээрлик айланбай калган, ошондуктан дарыгерлер аялга кайрадан инфекция жуккан жок деп чечишкен. Бул тууралуу “News.kg” маалымат порталынын Instagram баракчасына жазып чыгышкан. 

Америкалык жарандын 355 күн бою Covid менен ооругандыгы чын (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Америка Кошмо Штатынан 47 жаштагы тургуну 355 күндөн бери covid-19 менен күрөшүп келет. Бул тууралуу Американын ММКлары жазып чыгышкан. 47 жаштагы бейтап 2020-жылдын май айында жөтөл жана ысытма менен медициналык мекемеге түшкөн. Ага чейин ал лимфома менен жабыркап айыккан.

Орегон штатынын Портленд шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мугалими Эми Уотсон июнь айында “FOX5” телеканалынын журналисттерине узак мөөнөткө созулган covid-19 менен күрөшкөндөгү учурдун айрым симптомдору тууралуу айтып берген.

Анда, ал “Бүгүн 353 күн. Эртең менен дайыма мени жүрөк айлануу ойготот” — деп билдирген. Анын айтымында, ал жума сайын 189 таблетканы жана капсулаларды ичет. Бул анын организмин кыйнаган бир катар симптомдорду басууга жардам берет.

Эми Уотсон өзүнүн Фейсбук баракчасына дагы узак мөөнөткө согулган covid-19дун симптомдору тууралуу  ар кандай билдирүүлөрдү жазып турган.

Америкалык жарандын 355 күн бою Covid менен ооругандыгы чын (Фактчекинг)

Ошондой билдирүүлөрүнүн биринде ал, “Менин ооруп калганыма алты ай болду. Бирок, менде дагы деле ар кандай симптомдор бар. Дагы деле дене табым көтөрүлүп, нерв системам жабыркап атат. Күн сайын 25 дары ичип атам. Ооруп калуу мынчалык убакытты жана энергияны талап кылаарын эч качан ойлогон эмесмин”, — деп билдирген.

Узак мөөнөттүү COVID-19 лимфома менен ооругандардын арасында кеңири таралган

Орус илимпоздору изилдөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялашкан. Анда денесинде коронавирус 18 жаңы мутацияга ээ болгон бейтаптын окуясы сүрөттөлгөн. Бул илимий изилдөөнү Сколково илим жана технология институтунун окумуштуулары Маалыматтарды берүү проблемалары институтунун илимий кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшүп, Virological.org порталына жарыялашкан.

Коронавирустун мутациялары 47 жаштагы аялда IV стадиядагы диффузиялык В-клеткалык лимфома диагнозу менен табылган. Ал апрель айында коронавируска чалдыккан, андан кийин ал бир нече жолу коронавируска текшерилген. Тесттин жыйынтыгы 9-сентябрга чейин оң болгон.

Эталон катары, окумуштуулар лимфомасы бар covid-19ду жуктурган аялдан коронавирус геномун алышкан. Изилдөө учурунда илимпоздор коронавирус жуктурган аялдын организминде коронавирустун 18 жаңы мутацияга ээ болгонун, анын ичинде S-белок генинде экөөнү аныкташкан.

Ошондой эле, Барселонанын Глобалдык Саламаттыкты сактоо Институтунун окумуштуулары Covid-19 менен ооруган бейтаптардын 10% дан 15% га чейин инфекциядан бир нече жума, атүгүл бир нече айлар өткөнгө чейин туруктуу симптомдору байкалаарын аныкташкан.

Узак мөөнөткө согулган коронавирустун симптомдору пациенттердин жумушка кайтып келүү жөндөмүнө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, олуттуу психологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Жыйынтык: Америка Кошмо Штатынын 47 жаштагы тургуну, мугалим Эми Уотсондун организминен 355 күн бою covid-19дун ар кандай симптомдору табылгандыгы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты