Америкалык экономисттердин “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген китеби кыргыз тилине которулду

  • 1 год мурун
Америкалык экономисттердин “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген китеби кыргыз тилине которулду

Америкалык экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс А.Робинсондун “Why nations fail” китеби кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу «Бугупресс» басма үйүнүн жетекчиси жана негиздөөчүсү Жаныбек Абидетегин билдирди.

Маалыматка ылайык, “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген аталыш менен чыккан котормо китепти «Бугупресс» басма үйү чыгарды. Китепти аталган басма үйдүн котормочусу, түркология илимдеринин доктору Мирланбек Нурматов англис тилинен түз кыргызчага которгон.

Бет ачар азем 14-мартта саат 10:00дө, Novotel мейманканасында китептин авторлорунун бири Жеймс А.Робинсондун катышуусунда өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө автор менен маалымат жыйын да уюштурулат. ЖМК өкүлдөрү жана катышуучулар белгилүү экономист, Чикаго университетинин Харрис атындагы коомдук саясат мектебинин профессору, аталган китептин автору Жеймс А. Робинсонго суроо берип, жооп ала алышат.

New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары бул китепти бестселлер деп тапкан, ал ондогон тилдерге которулган.

Авторлор бул китеп аркылуу өлкөлөрдүн өнүгүүсүн жана ийгиликсиз болуп калышын күчтүү аргументтер, жандуу мисалдар жана иллюстрациялар менен түшүндүрө алышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты