Америка-кытай мамилеси жана Кытайдын Борбор Азиядагы саясаты: Эндрю Мерта менен маек

Наргиза Мураталиева, СABAR.asia. аналитикалык материалдарынын редактору

Америка-Кытай карама-каршылыгы Борбор Азиядагы геосаясий абалга кандай таасирин тийгизет? Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык коопсуздугунан алганда Кытайдын өсүп бара жаткан ролу боюнча АКШда кооптонуулар барбы? АКШдагылар  Кытайдын “жумшак күч” саясатын кандай баалашат? Ушул жана башка суроолор кытай таануучу, Джонс Хопкинс университетинин профессору Эндрю Мерта менен СABAR.asia.үчүн эксклюзивдүү маектешүүдө талкууланды.   

Профессор Эндрю Мерта 2018-жылдан бери Джордж жана Сэди Хайман кытай таануу профессору, 2020-2021-жылдары Джонс Хопкинс университетинин эл аралык алдыңкы изилдөөлөр мектебиниин деканынын орун басары. Доктор Мерта 25 жыл кытай бюрократия институттарын окуп жана изилдеген, булар сырткы байкоочуларга анчалык көрүнө бербеген, бирок Пекинде саясатта, экономикада, технологиялык өнүгүүдө жана социалдык саясатта чоң роль ойнойт. Анын ичинде улуттук бюрократия жана анын жергиликтүү өкүлчүлүктөрү арасында өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын бул өкмөттүк органдарды азыркы убакка чейин колониялаштырып алганы боюнча ролу. Эндрю Мертанын учурдагы Кытай боюнча изилдөө долбоору Кытайдын  оңолуу бюрократия саясатын (整风) 1950-жылдардан баштап биздин күндөргө чейин иликтейт.

CABAR.asia: -“Бир алкак — бир жол” демилгесинин жарыя болгонунан бери быйыл 10 жыл өттү. Борбор Азиядагы демилгенин болжолдуу жыйынтыктарын кандай баалар элеңиз? Бул демилге натыйжалуу деп айтууга болобу? Анын Евразияга таасирин байкоо улантылабы? 

Эндрю Мерта: -Бул эң сонун суроо. Мен Борбор Азия боюнча адис эмесмин, бирок 10 жыл бир өлкөлөр үчүн чоң убакыт, ал эми башкалар үчүн салыштырмалуу аз эле убакыт. Салыштыруу үчүн айта кетсем, Кытай Африка өлкөлөрүндө көптөн бери байланышта келет, анын узак, көп жылдык тарыхы бар. Менин байкоомдо, Кытайдын Борбор Азияда болушу анча байкаларлык эмес жана анчалык үстөмдүк кылгыдай даражада эмес. Менин оюмча, Кытайдын чөлкөмдө жасагандарынын көбү дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө караганда, анчалык түптүз жана жыйнактуу эмес. Ошентсе да, менин түшүнүгүмдө, Кытай жана Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен элиталык деңгээлдеги байланыштар бар. Бирок аналитиктер арасында да бул мамилелер боюнча сезилерлик скептицизм бар. Менин оюмча, бул тууралуу азыр айтууга эрте: Бир жагынан скептизицм негиздүү, бирок экинчи жагынан азырынча эки тараптын бири-бири менен, ошондой эле чөлкөмдүн элдери менен да ачык-айкын болгон кезинде өз ара пайдалуу, утулушта болуп калбагыдай мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү турат.

CABAR.asia: — Кытайдын  чөлкөмдөгү инфраструктура жаатындагы долбоорлорун кандай баалайсыз? Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу келечеги кандай деп ойлойсуз?  

Эндрю Мерта: -Жалпысынан алганда, инфраструктура, бул жакшы нерсе деп ойлойм. Бир кызыктуу жагдай, бул долбоордо АКШнын Өзбекстанда иштеген айрым расмий кызмат адамдары менен сүйлөшсөм, алардын бул долбоорго каршы эместиги кызык. Алардын ою менен, менин Вашингтондо уккандарым айырмаланып турат. Менин оюмча, чөлкөм менен жакшы тааныш болгондор, мындай долбоорлор, темир жол куруу, чындыгында экономикалык жактан чөлкөмдөгү бардык тараптар үчүн пайдалуу экенин моюнга алышат. Бул, балким Кытай эч ким утулбаган абал деп атаган сейрек мисал болушу мүмкүн. Ошентсе да, чөлкөм өсүп-өнүгүп, элдерге пайдасын тийгизишин каалаган мени тынчсыздандыра турган бир жагдай,  инфраструктуранын өтө көп болгону экономикалык өнүгүүдө тең салмаксыздыкты алып келиши мүмкүн экендигинде. Ошондуктан жалпысынан оң саясатта дагы скептик болуу жаман эмес деп ойлойм, анткени ар бир тарап өз кызыкчылыгынан алганда, кандай таасирин тийгизет деп, жеткиликтүү ойлонушу керек.

CABAR.asia: — Сиз чыгып сүйлөгөн сөзүңүздө “эл аралык мамилелер боюнча адистер  улуу державалардын саясатынын “жарашыктуу”  моделине эле көңүл топтой бербестен,  Кытайдын эл аралык мамилесиндеги баш-аламандыкты эске алышы керек экенин айттыңыз. Кытай Борбор Азия мамлекеттерин, айрыкча “С5+1” форматын ишке киргизгенден кийин, бир чөлкөм катары карап жатат деп айтса болобу? Же Пекин мурдагыдай эле чөлкөмдөгү ар бир мамлекет үчүн ар кандай мамилени пайдаланууга ниеттенеби?  

Эндрю Мерта: -Талкуу учурунда Кытай эки тараптуу мамилени жактайт деген пикир айтылды.  Сөзсүз чөлкөмдөгү мамлекеттер үчүн сүйлөшүүлөрдө кызыкчылыктардын алкагынан алганда, Пекинге таасир этүүнүн рычагын камсыздап берген кандайдыр жамааттык бир чечимди табуу пайдалуу болмок. Бул балким, чөлкөмдөгү айрым мамлекеттердин ортосундагы айрым чыңалууларды эске алганда, ал оңойго турбас. Бирок мен мамлекеттерди тигил же бул багытка мажбурлоонун кереги жок деген пикиримдин бир себеби, мисалы Кытайдагы позицияга каршы  Орусиялык позицияны же АКШнын таасирине кирип кетпөөнүн бири, бул мамлекеттерге өз кызыкчылыктарына жараша аракеттенүүнүн эркиндигин берүү керек. Менимче, америкалыктар көбүн эсе географиянын маанилүүлүгүн унутуп калышат. Мен үчүн ачык-айкын болуп калган нерсенин бири, дүйнөнүн бул бөлүгүндө туруктуулукту, туруксуздукту же келечекти аныктачу географиянын борбордук ролду ойногондугунун бир далили,

CABAR.asia: -Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигинин 30 жылы ичинде Тажикстан менен Кыргызстан карыз капканынын көйгөйүнө туш болушту. Аталган эки өлкөнүн экономикасы карыз жүгүн көтөрө албай турган болсо, Кытайдын башка өлкөлөр менен эл аралык мамилесине негизденип, андагы финансылык карыздарын кандай жол менен кайтарып аларын божомолдоп айта аласызбы? 

Эндрю Мерта: -Эгер сиз менин чыгып сүйлөгөн сөзүмдө айткан структураны алсаңыз жана ички саясатты эл аралык саясатка колдонуп көрсөңүз, анда бир нерсени байкайбыз. Кытайда, айрыкча кийинки бир канча ондогон жылдарда колдонулуп келген мамлекеттик ишканаларга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жардам берүүдөгү банктардын ролун байкайбыз.  Бул Кытайдын банк системасы жергиликтүү карыздарды жоюп жиберүү аркылуу саясий стабилдүүдүктү кармап туруунун бир каналы дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан эгер Кытай тигил же бул мамлекеттерге өзүнүн баштапкы инвестицияларын кайра карап чыга турган болсо, мен ага таң калбайм. 

Пекин “сүйлөшүүлөрдү кайра карап чыгуу керекпи?”, “кечип жиберүүгө болобу?”, ”карыз капканынын дипломатиясына” катышуунун саясий кесепети кандай болот?” деген нерсеге көңүл бурушу керек. Менимче, кандай натыйжа чыкса да, ал күтүлгөн болот. Андан кийинки бир канча жылдары баштапкы кредиттердин көбүнүн жабуу мөөнөтү келгенде, биз Пекиндин ар бир өлкө үчүн ар башка багыт алганын көрмөкчүбүз.

Эгер Пекин бул өлкөлөргө кыйынчылык жарата турган болсо, анда бул АКШга да, эл аралык коомчулукка да келип, финансылык жардам берип жана мурда Кытай канааттандырып келген керектөөлөрдү канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн түзөт деп ишенем. Жок дегенде мындай маселе каралат деп үмүттөнөм.  Бирок эл аралык коомчулук аларга жардамга келиш үчүн дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү өлкөлөрдө жетишээрлик лобби болушу керек деп ойлойм.

CABAR.asia:- Борбор Азиядагы чөлкөмдүк коопсуздук алкагынан алганда Кытайдын өсүп бара жаткан ролуна байланыштуу дагы бир суроо. АКШда бул жаатта тынчсыздануу барбы?

Эндрю Мерта: -Менин жообум жөнөкөй эле, себеби менде ойдогудай жетишээрлик тажрыйба жок. Бирок АКШнын тышкы саясаты көпчүлүк учурда мага реактивдүү болгондой сезилет.  Дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүндө кризис болбосо, АКШнын ал чөлкөмгө көңүл буруусу активдүү учурдагыдай бараандуу боло бербейт. Учурда АКШнын чөлкөмгө көңүл буруусу көбүн эсе Россиянын Украинага болгон аракеттерине байланыштуу деп ойлойм. АКШ Россияга санкцияларды бекемдеп же болбоду дегенде аларды сактап калууга аракет кылууда… Бул болсо чөлкөмдүн өлкөлөрүнө АКШ өзү чөлкөмдөн жардам күтүп жаткан учурда гана эмес, башка убактарда да АКШнын колдоосун алууга мүмкүнчүлүк берет. 

АКШ кандай деңгээлде Кытайдын таасирин тең салмактоого аракет кылаарын карап көрүү кызык, себеби бул чөлкөмгө таасир этүүнүн ар кыл типтери болот. Бул чөлкөмдө Россиянын жана Кытайдын аракет жолдору башкача болот.

Кытайдын таасири көбүрөөк экономикалык багытка ыктайт, ал эми Россияныкы маданий жана стратегиялык багытта болот. 

Ал эми АКШ бул абалда өзүн кандайча көрсөтөт? Бул суроо, жакынкы жылдарда талкууланып жана өнүгөт болушу керек деп ойлойм.

Биз көрө алар кызык нерселердин бири — Кытайдын Афганистандагы абалды жөнгө салуудагы ийгилиги же ийгиликсиздиги болот деп ойлойм.

[Афганистан] Советтер Союзун утуп кетти, Кошмо Штаттарды басымдүү даражада утуп алды. Ким билет, бул жагынан Кытайдын аракети ишке ашабы. Бирок чөлкөмдөгү стабилдүүлүктү, Афганистандын маанилүүлүгүн эске алганда, АКШнын чөлкөмдөгү стабилдүүлүк тууралуу түшүнүгүн эске алганда, бул көптөгөн адамдар чечилишин күтүп жаткан маселе деп ойлойм.  

Ушул нерсе ишке ашып кеткиче күтө бербей, биз Вашингтондун чөлкөмдөр менен кандай мамиледе болорун алдын ала, бул эки тарапка же бардык тараптарга пайдалуу болгудай аракеттерди ойлонушубуз керек.

CABAR.asia:-Америка-Кытай карама-каршылыгы Борбор Азиянын геосаясатына кандай таасирин тийгизет? Украинада согуш башталгандан бери Кытайдын чөлкөмдөгү таасири күчөйт деген пикирлер бар, ал эми Россиянын таасири төмөндөйт деген. Сиздин оюңузча бул кандай кесепеттерге алып келмекчи?     

Эндрю Мерта: -Бул эки чоң суроо. Бул жерде мен кесиптешим Мел Гуртовдон цитата келтире кетейин, ал мен Борбор Азияга келгенге чейин эки жума мурда кызыктуу жана маалыматы көп бет ачар жасаган. Анын ою боюнча, АКШнын жана Кытайдын тышкы саясаттагы өзгөчөлүгү, Кошмо Штаттар эл аралык стабилдүүлүктү глобалдык контекстен карашат, ал эми Кытай эл аралык стабилдүүлүктү жергиликтүү контекстен карайт. Башкача айтканда, Кытай үчүн ал ички стабилдүүлүктү тиешелүү деңгээлде кармап турууга кызмат кылат, ошондуктан ал бир эле суроону Кошмо Штаттардан башкача карайт. Кытай ич арага көбүрөөк карайт, ал эми Кошмо Штаттар тышкы саясатта көбүрөөк башкаларга карайт. Бул эки өлкө бири-биринин жолдорун түшүнөөрүнө мен да ишене бербейм. Көбүн эсе алар бири-бирин уга алышпайт, ошон үчүн бул алардын ортосундагы башка өлкөлөргө кыйынчылык туудурат.

Кытай Россия жараткан абалга анчалык канааттанбагандай болгонсуган фактыны эске алганда, абал азыр өзгөчө татаал. Ошондой эле Кытай Россияны да таштап кое албасын да моюнга алат, себеби бул Россиянын чөлкөмдө көбүрөөк болушун шарттайт, бул чөлкөмдөгү Россиянын пайдасына тараза ташы оошуна алып келет же болбоду дегенде, алардын ортосунда чоң атаандаштыкты жараткан абалга алып келет.

Ошондуктан Пекин менен Москва ынтымакташып статус-квону колдоп туруш керек, андан кескин баш тарткандын ордуна.   

Мен башында географиянын маанилүү экенин айтып кеттим эле, бул Кытайдын мисалында алганда, сөз жок, туура болот. Ошентип, алдыга кадам таштоонун пайдалуу жолу эки анжы маанини байланыштырып, ашыкча милдеттенмеден баш тартып, чөлкөмдөгү бардык катышуучулардын белгилүү деңгээлде  ийкемдүүлүгүн сактап калыш керек. Себеби алар эл аралык абалдагы өзгөрүүлөргө реакция бере алгыдай болуп жана келечекте кесепети тийип кала турган белгилүү аракеттерге байланышып калбагыдай болсун.

CABAR.asia:- Суроо сиздин Борбор Азиядагы Кытайдын “жумшак күчү” тууралуу бааңызга байланыштуу. Сиз Борбор Азияда жана андан тышкары жерлерде кытайлык бул ресурсту кандай баалар элеңиз? Кытайдын “жумшак күч” саясаты өзгөрүп жаткан азыркы турмуш чындыгына карай өзгөрүп, ыктай алабы жана балким Борбор Азиядагы синофобиянын азайышына көмөкчү боло алабы?

Эндрю Мерта: -Мен ишенимдүү түрдө айта албайм, себеби “жумшак күч” натыйжалуу болуш үчүн, бул “унчукпай, көрсөт” деген идеяга шайкеш келиши керек. Менин оюмча, Кытай нарративди башкаруу жагынан алганда “аңгемелерге” көбүрөөк көңүл топтойт, бул Кытайды биринчи кезекте өзгөрүп жаткан шарттарга ыктоого жөндөмсүз кылып коет. Бул негизинен Кытайды локалдык шарттарга анчалык сезимтал кылбайт деп ойлойм, мен эл менен сүйлөшкөндө алган маалыматым боюнча, бул анчалык натыйжалуу эмес. Ошентип, элдер Кытайдын жардамын, албетте,  колдойт, бирок ал жардам менен кошо келчү башка атрибуттарды сөзсүз эле кабыл ала бербейт. Бул ар бир өлкөдө ар башка болушу мүмкүн. Менин оюмча, Африка жана Жакынкы Чыгыш сыяктуу аймактарда, көбүрөөк ачык келип же андайды кабыл алышы мүмкүн.

Борбор Азияда, менде ушундай ой пайда болду, бул жакта скептицизм көбүрөөк, менин оюмча, мунун негизи бар. Же мен уккан бир нерсе, “жумшак күчтү” кабыл алуу көбүн эсе альтернативанын бар же жок экендигине байланыштуу экендиги. Бул дагы маанилүү саясий суроо, муну мисалы Кошмо Штаттар же Батыш карап көрүшү керек. Менин оюмча, эгер Кытай баяндап берүүдө башкарууга жана үстөмдүк кылууга азыраак көңүл топтосо, чөлкөмдө ал жетиштүү түрдө натыйжалуу болмок.

Кытай нарративди башкаруу жагынан алганда, “аңгемеге” көбүрөөк көңүл топтойт деп ойлойм, бул биринчи кезекте Кытайды өзгөрүлүп жаткан шарттарга ыктоого жөндөмсүз кылып коет.   

Мен Кытайда жети жыл жашадым жана  Кытай адамзаттын бардык жакшы жана жаман жактарынын канчалык ишенимдүү мисалы боло аларын билем. Нарративди башкарууга болгон кабатырлыкты эске алганда, сиз муну дегеле көрө албайсыз. Менимче, азыр ушундай, Кытай анчалык өзүнө тарта албайт. Бул суроо боюнча мага дагы бир нерселерди кошумчалоого мүмкүнчүлүк бериңиз.

Биринчиден, арадан ким бирөө Конфуций институтунун каршылык көрсөткөнү тууралуу айтса, мисалы өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу, докладчы бул бюрократиялык саясаттын суроосу деп айтса, мен буга толук кошулам.  Бирок бул негизинен Кытайдын “жумшак күчүнүн”, бюрократиясынын жана мамлекетинин колдон учурган мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле кытайлыктар менен сүйлөшкөнүмдө, “Кытай кубаттуу, чоң держава болгондо, эл бизди сындабай калат” деген сөздөрдү угуп калам. Мен аларга жооп иретинде “Силер өз үмүтүңөрдү өзгөртүшүңөр керек” деп айтам. АКШ чоң, кубаттуу держава, ал эми эл АКШны сындап эле жатпайбы, ошондуктан ой жүгүртүүңөрдүн сергектигин сактоого кеңеш берем” деп айтам. Бул эл аралык коомчулук биздин күндөрдө кантип иштеп жаткандыгын түшүнбөгөндүгүн жана кубаттуу өлкө кандай жүктү көтөрүп жүргөнүн түшүнбөгөндүгүн билдирет. Ошондуктан Кытай азыркы аракети учурунда чыныгы абалды түшүнүп жана жоопкерчилик алуу жагынан дагы көп нерселерди жасашы керек экенин туюнтуп турат деп ойлойм.   

CABAR.asia:-Ооба, акыйкат. Эми акыркы суроо Борбор Азиядагы айрым тынчсыздануу тууралуу. Кытай Борбор Азияда, Астанада, Бишкекте, Душанбеде ж.б. жактарда коопсуз шаар  долбоорун ишке ашырып жатат. Муну менен Кытай өзүнүн саясий режим моделин ийгиликтүү импорттоп жатат десек болобу, мисалы Борбор Азиядагы санариптик диктатура катары?

Эндрю Мерта: -Менин оюмча, бул Батыштын байкоочуларынын Кытай боюнча коркунучтарынан. Бирок бул коркунучтардын негизи жок деп эсептебейм. Бирок Кытайдын ички саясаты жөнүндөгү чыгып сүйлөгөндөрүмөн, мен үчүн абдан кызыктуу болуп турганы, бул Кытай өзүнүн муниципалиттерин, шаардык район деңгээлинен тартып, башкаруунун ушул түйүнү аркылуу кантип башкарып тургандыгы. Аларда жогорку технологиялуу жабдуулар, татаал ЖИ — жасалма интеллект, алгоритмдер, жогорку технологиядагы камералар, интеграциялык системалар ж.б.у.с. бар. Бирок 1000 же 2000 киши жашаган райондорду, ушулардын баарын  башкаруу үчүн негизинен бир эле киши жетишет, анан 3 же 4 ыктыярчы бар.    

Ошондуктан, эгер ушундай эң сонун жогорку технологиялуу нерселери  болуп туруп, аларды талаптагыдай иштеткенге адам ресурсу же адам капиталы жок болсо, мени таң калтырмак эмес.  Бирок ушундай таржымалды биз Кытайдан кайра-кайра эле көрүп жатабыз. Ошентип, мен андай технологиялардын типтери  чынында эле адам факторуна жана ошол адам факторун эске алган деңгээлге жараша болот деп ойлойм.

Бул тынчсыздануу үчүн негиз болот деп ойлойм, бирок ошол эле кезде, мисалы Кытайдан башка жактарда же Кытайдан технология сатып албаган Нью-Йорк, Лондон же дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн көргөндөгүдөй болсо, баары бул технологиянын кандай иштетилээрине, байкоо инфраструктурасына көз салууга барып такалат. Анан кытай технологиясын өлкөгө пайда алып келгидей, өз өлкөсүнүн калкына сөзсүз эле ультраавторитардык байкоо салуу көз карашын карманбагандай кылып пайдаланууга болобу деген суроону камтыйт. Мен бул суроого жоопту билбейм, бирок бир караганда коркунуч болот деген түшүндүрмөнүн чоң мааниси болушу мүмкүн деп ойлойм.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты