Алыскы аймактардагы ооруканаларга 20 тез жардам унаалары берилди

  • 20 часов мурун

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшениалиев катышып, унаалардын ачкычын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине тапшырган.

Маалыматта айтылгандай, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаалары алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызмат көрсөтүү үчүн берилүүдө.

«Саламаттык сактоо системасынын бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган тез жардам унаалары менен толукталышы республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарынын тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртат»,-деп сүйлөгөн Бейшеналиев иш-чарада.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты