Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси дагы бир айга камакта калтырылды

  • 2 года мурун

Кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекованын камактагы мөөнөтү 11-августка чейин узартылды. Мындай чечимди Каракол шаардык соту чыгарган.

Мээрим Тилекова 17-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген. Каракол шаардык соту 19-майда Тилекованы үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты