Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова УКМК тарабынан кармалды
- 2 года мурун
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкектен кармалган. Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.
Алымкадыр Бейшеналиев Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы каржылык ишке байланыштуу сурак берген.
Министр учурда Германияда иш сапар менен жүрөт.
Муну бөлүшүү