Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси камакта калтырылды
- 3 года мурун
Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси камакта калтырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Мындай чечим бүгүн, 28-июнда аталган сот тарабынан кабыл алынды.
Буга чейин Каракол шаардык соту Мээрим Тилекованы камакта калтыруу чечимин чыгарышкан.
Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.
Алымкадыр Бейшеналиев Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы каржылык ишке байланыштуу сурак берген.
Муну бөлүшүү