Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтү узартылды

  • 2 года мурун

Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган соттун чечими менен Алымкадыр Бейшеналиевге карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 18-августка чейин узартылды.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда жемкорлукка шектелип кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон.

Кийин президент Садыр Жапаров кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. Башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечимге эки чиновниктин ортосунда түзүлгөн жеке мамиле себеп болгону айтылган.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ошол эле күнү Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришти. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты