Алымкадыр Бейшеналиев УКМКга сурак бергенин айтты

  • 2 года мурун

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКга сурак бергенин айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага медайымдар өзүлөрү чогулткан 100 миң сом акча боюнча шектүүлөр тууралуу видеого тартып, суроолорун беришкенин, 14-майда министрди ошол эле маселеге байланыштуу “Манас” аэропортунда да суракка алып, видеого тартышкан.

Бейшеналиевдин айтымында, акчага байланыштуу кармалган кыз УКМКнын кызматкерлеринин коркутуусуна кабылганын айтып, алар менен жалгыз калтырбоону сурангандыктан арачы болуп, үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырган.

“Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы? Кафеде төлөп жатканда алар ойлоптур да Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз деп”, — деди ал.

«Министр Жети-Өгүздө сурак учурунда аны “эл алдында абдан кемсинтишкенин”, кийин Бишкекке келгенде кызматтык машинасынын айдоочусуна ишке чыгууга тыюу салып, машинасын базага токтоттуруп коюшканын, такси менен жүрүүгө мажбур болгонун, аны суракка алгандардын бири менен сүйлөшкөндө “өйдө жактан буйрук берилген” деп билдиргенин айтып берди.

Ал азыр Германияда иш сапарда жүрөт, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбойт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты