Алымкадыр Бейшеналиев: «Мени кармоо боюнча өйдө жактан буйрук берилиптир»

  • 2 года мурун

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКга сурак бергенин «ПолитКлиника» медиасына айтып берди.

«Мени Германия, Швейцария, Дания дары-дармек, медициналык жабдуулар жөнүндө сүйлөшөлү деп чакырышат. Ошолордун бардыгы менен сүйлөшүп жатам.

Германияга кетип баратсам УКМК сурак алышты. Эми ал жактан келгенден кийин кайра суракка чакырышат. Суракка чакырып жатканын «эң жакшы» деп баалайм. Катуу иштеп жатышат деп баалайм. Менден башка жумушу жок калгансып мени кайтарып, сурак алып жүргөндөрү жакшы. Башка жумуш калбай калыптырбы?

Мени кармоо боюнча өйдө жактан буйрук берилиптир. УКМК мени кармайбыз деп кармай албай калышты. Анан ар кандай сүрөттөрүмдү чыгарып, каралап жатышат», — деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев өйдө жактан кимдер буйрук бергенин так айткан жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты