Алымкадыр Бейшеналиев: «Өлкөдө 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды»

  • 2 недели мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Өзүңүздөр билгендей президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу маселесин ишке ашырганбыз. Андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды. Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген оорулууларыбызга мамлекет төлөп берет. Азыркы күндө 3 миңге жакын гемодиализде жаткан адамдарыбыз бар. Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип гемодиализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле.

Боору ооругандар жана жилик чучугун алмаштыруучулар үчүн президент “Операцияларды өзүбүздөн жасаганды ишке ашыргыла” деп тапшырма берди. Кудай буюрса майдын аягында биринчи жолу өзүбүздө боор жана жилик чучугун алмаштырууну пландап жатабыз. 15 кишини боор алмаштырууга даярдап жатабыз.

Жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жатабыз. Бул операцияларды жасоого кеткен чыгымды дагы мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан бөлүп берем деди. Тагыраагы бейтап донорду өзү табат. Операцияга кеткен чыгымды президент төлөп берет.

Буга чейин боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар. Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат.

Гемодиализде жаткан оорулуулардын туугандарына кайрылат элем. Колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем», — деп кайрылды Алымкадыр Бейшеналиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты