Алымкадыр Бейшеналиев: «Кызматтан түшкөн күндүн эртеси эле Орусияга же Түркияга кетем»

  • 2 года мурун

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 3 ай мурун аны кызматтан кетирүү аракеттери болгонун айтты. Бул тууралуу ал «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

«Мени 10-13 апалар мени колдоп жатканын угуп сүйүнүп жатам же журналисттер силер чыкпайсыңар. Жаш балдар, укук коргоо органдары мага жардам бербей жатышат. Канча деген «киттер» менен урушуп жатам. Алар мени каралап жок кылгысы келет да. Министрлик кызматтан кетсем эртеси эле Орусияга же Түркияга кетем. Тил билем ошол жактарда хирург болуп иштейм.

Мени 3 ай мурун кетиребиз деп аракет кылышкан. Бирок кетирбей калышты. 3-4 сөгүш беришти. Элдин колдоосу бар. Мени кетирсе апалар «жолго жатып алабыз, сага убакыт бериш керек» деп жатышат», — дейт министр.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты