«Алтынкен» ишканасы тоодогу эки тилдеги жазууну алып салууну баштады

«Алтынкен» ишканасы жайгашкан аймактагы тоо бооруна 2015-жылы жазылган эки тилдеги ураанды алып салуу иштери башталганын компания билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү социалдык тармактарда бул жазууга байланыштуу талкуулар күчөгөн. Компания түшүндүргөндөй, ураан 2015-жылы ошол кездеги бийликтин талабы менен экологияны коргоого чакырык катары жазылган.

Ал мезгилде ишканада жергиликтүү кызматкерлер менен катар Кытайдан келген адистер да иштегендиктен, чакырык кыргыз жана кытай тилдеринде берилген. Ишкана жазуунун саясий мааниси жок экенин, анын максаты жаратылышты, тоолорду жана суу ресурстарын сактоого үндөө болгонун белгиледи.

Ошондой эле компаниянын маалыматына караганда, 2015-жылы кызматкерлердин 60 пайызга жакыны чет өлкөлүк адистер болсо, учурда эмгек жамаатынын 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт.

Сүрөт: «Алтынкен» ишканасы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты