Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Президенттин кеңешчиси Алтынбек Жумаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, Жумаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулган. Ал бул кызматка ушул жылдын августунда дайындалган.

Ага чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматын жетектеп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты