«Алтын балалык» борборунда аймактардан 1600гө жакын бала эс алат

  • 4 месяца мурун

«Алтын балалык» борборунда аймактардан 1600гө жакын бала эс алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын ден соолугун чыңдоо менен бош убактысын өткөрүүнү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1585 бала эс алууга барат.

Биринчи агым менен 10-июндан 24-июнга чейин “Алтын балалык” борборунда 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты