Алты айда 73,6 миллиард сом салык жыйналды

  • 2 года мурун

Алты айда 73,6 миллиард сом салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

2022-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 73 миллиард 611,4 миллион сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

Белгиленген план 101,8 пайызга аткарылып, 1 миллиард 324,7 миллион сомго ашыгы менен чогултулган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 миллиард 642,1 миллион сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 156,7 пайыз).

Салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, контролдук-кассалык машиналар, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы жана башка ишке киргизилиши пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты