Алмазбек Атамбаевге Орусиянын президентинин иш башкармалыгынан дарыланууга чакыруу келди

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Орусиянын президентинин иш башкармалыгынан дарыланууга чакыруу келди. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев “ПолитКлиника” медиасына билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев 2016-жылы чакыруу келген Орусиянын президентинин алдындагы Борбордук клиникалык ооруканада текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлер “Барреттин кызыл өңгөчү” (Пищевод Барретта) деген диагнозду коюп, жыл сайын дарылануудан өтүп туруу керек экенин айтышкан. 

“Эркиндикте жүргөндө дарылануудан өтүп турган, бирок кийин камалганына байланыштуу андай мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Жакында эле Биринчи май райондук сотунун уруксаты менен Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер лазердик эндоскопиядан өтүш керек деген корутунду чыгарышкан. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Орусиянын президентинин алдындагы ооруканага кайрылганбыз. Ал жакта тиешелүү кызматкерлер макулдашып, кайрылуунун негизинде чакыруу жиберишти”, — деп билдирди Жоошев.

Алмазбек Атамбаевге Орусиянын президентинин иш башкармалыгынан дарыланууга чакыруу келди

Жактоочу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматына Атамбаевдин дарылануусу үчүн төрт айга чейинки мөөнөткө чет өлкөгө чыгууга уруксат сурап, өтүнүч калтырганын кошумчалады.

“Жаза аткаруу кодексинин 9, 16 жана 20-беренелеринде кайсы гана медициналык мекемеде болбосун ден-соолукка кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү каралган. Ошол нормалардын негизинде Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматына Атамбаевге төрт айга чейин уруксат берүүсүн сурап кайрылдым. Андан кийин кайтып келип, сот белгилеген жазаны өтөөнү улантат”, — деди ал.

Ушул жылдын июнь айында Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын саламаттыгына байланыштуу кайрылуу таратып, абакта жаткан учурда мурдагы президенттин саламаттыгы начарлап жатканын жана ага толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүү керек экенин билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты