Алмазбек Атамбаевдин үйү качан конфискация болгон? Садыр Жапаровдун сөзүн текшеребиз (Фактчекинг)

9-июнь күнү президент Садыр Жапаров “Би-Би-Си” маалымат агенттигине маек курган. Өлкө башчысы акыркы учурдагы кырдаалдарга токтолуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн конфискацияланышы тууралуу да оюн айткан. 

“Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики, -деп билдирген. 

Мындан сырткары, Садыр Жапаров мурдагы президенттердин үйлөрүнүн карылар үйү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилишинин муктаждык экенин белгилеген. 

“ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаровдун айткандарын текшерип көрдү. 

Мурдагы президенттердин конфискацияланган үйлөрү 

Алмазбек Атамбаевдин үйү качан конфискация болгон? Садыр Жапаровдун сөзүн текшеребиз (Фактчекинг)

30-май күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ФУГИ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатканын билдирген. 

Мүлк фонду Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевге таандык 2,70 гектар жердеги 1385,5 чарчы метр болгон дарылоо борбору мамлекетке өткөнүн жана бул чечимди Биринчи май райондук соту, быйыл, 26-мартта чыгарганын белгилеген. ФУГИнин маалыматы боюнча, Министрлер Кабинетинин буйругу менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн карыларды реабилитациялоо борборуна айланат. 

Бул чечим Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен бийликтин ортосундагы чыңалууга жол ачкан. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев резиденцияны өткөрүүдө бир канча мыйзам бузуу болгонун жана кызматкерлер соттун чечимин көрсөтө алышпаганын билдирген. 

Мындан көп өтпөй, Алмазбек Атамбаедин атасынын үйү да мамлекеттин карамагына өтүшү мүмкүн экени айтылгандан кийин, чыңалүү дагы күчөгөн. Бирок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун билдирүүсү боюнча Мүлк фонду Атамбаевдин өкүлдөрүнө имаратты үч күндүн ичинде бошотуусун эскертип, билдирүү жөнөткөн.

Фонд «Атамбаевдин тарапташтары билдирүүгө карабай ал жерди бербөө үчүн социалдык жайга айландырууга аракет кылган» деп айыптап, алардын мындай иш жасоого акысы жок экенин эскерткен.

Азыркы убакта бул маселе дале талаш бойдон калууда. 

Ал эми бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин үйүн майыптыгы бар балдарга берүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2019-жылы көтөрүп чыккан. 

Алмазбек Атамбаевдин үйү 2019-жылы конфискацияланган 

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев, Кой-Таштагы үйү эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Анда штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Алмазбек Атамбаевдин үйү качан конфискация болгон? Садыр Жапаровдун сөзүн текшеребиз (Фактчекинг)

Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы бир канча кылмыш иши козголгон. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. Анда Атамбаевдин 120дан ашуун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн конфискацияланган.

Тизмеде, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси, жана ден-соолукту чыңдоо борборлору да болгон. 

Алмазбек Атамбаевдин үйү качан конфискация болгон? Садыр Жапаровдун сөзүн текшеребиз (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаедин мүлкү 2019-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу конфискацияланган. 

Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакын адамдарынын мүлкү 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган адамдарга байланыштуу бир канча көйгөйлөр бар. Алардын арасында, имарат жетишсиздиги да бар экени айтылып келет. 

Жыйынтык: Мурдагы президенттердин үйлөрүнүн конфискацияланышы боюнча Садыр Жапаровдун айткандары чындык. Анткени үйлөр Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин конфискацияланган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты