Алмазбек Атамбаев кезектеги соттук отурумга катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча соттук отурум өттү.

Атамбаев соттук отурумга жеткирилип, бирок ага катышуудан баш тартты. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин ден соолугун жүйө келтирип, судьядан отурумду ансыз өткөрүүнү өтүндү. Бирок судья Мирлан Термечиков жактоочунун бул өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Атамбаев судьянын мындай чечимине баш ийбей турганын айтып, залдан чыгып кетти. Судья ал сотко баш ийбегендиги үчүн залдан чыгарылганын билдирди.

Жарандык маселесине байланыштуу айрым купуя маалыматтар жашыруун режимде каралып, андан кийин отурум ачык уланды. Бирок жактоочу Слесаревдин ден соолугуна байланыштуу өтүнүчүнөн улам бүгүн териштирүү болгон жок жана кийинки отурум 26-апрелге дайындалды.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.

Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айыпка салып, камактан бошоткон.

Ал эми Албек Ибраимовду мектеп курулушундагы коррупцияга жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесскен. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты