Алматыда каза тапкан экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды

  • 3 года мурун

Алматыдагы башаламандык учурунда каза тапкан экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун маалыматына ылайык, маркум Бахтияр Базарбаев аттуу жаран болгон.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазды.

Арипов маркумдун сөөгү тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөндөн кийин жакындарына берилерин маалымдаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Алматыда тополоң учурунда каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин апасына Казакстанга келүүгө уруксат берилген кабарлаган. Мусаев Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Буга чейин Назарали Арипов Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону камаганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты