Алматыда «Баатырларга таазим» жүрүшү өттү

  • 2 года мурун

Казакстандын Алматы шаарында Орусия Украинага кол салгандан кийин бедели түшкөн «Өлбөс полк» акциясынын аналогу эсептелген «Баатырларга таазим» жүрүшү өттү.

Күн мурун Орусияда бул акцияга Украинада каза болгон орус аскерлеринин сүрөттөрүн да көтөрүп чыгуу чакырыктары айтылган. Өз кезегинде бул Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларын эскерүүгө арналган тынч жүрүштөрдүн уюштуруучуларын тынчсыздандырып, мурдагы советтик өлкөлөрдө Орусиянын пропагандалык идеологиясына кошулуп калуу тобокелдигин жараткан.

«Өлбөс полк» акциясынын бүдөмүк фонунда Казакстанда «Баатырларга таазим» деп аталган казактардын жеке жүрүшүн өткөрүү сунушу айтылган. Миңдеген киши согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп, Маданият жана эс алуу паркынан 28 панфиловчунун сейил багына чейин жөө жүрүш жасашты. Акциянын катышуучулары Түбөлүк оттун жанындагы Даңк мемориалына гүл коюп, ардегерлерге түшкү тамак жана концерт уюштурулду.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы жеринен билдиргендей, паркта киши өтө көп жана алардын «дээрлик экиден бири» Орусия пропагандасынын белгиси катары көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган георгий тасмасын тагып жүрүшөт. Украинада бул тасмага азыркы нацизмдин символу катары тыюу салынган. Казакстанда георгий тасмаларына расмий тыюу жок.

1-апрелдеги маалыматка ылайык, Казакстанда согуштун 387 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 665 экени кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты