Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ( УКМК) тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, А.Г.М. аттуу жаран А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берип, андан соң алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Кечээ,  2-июлда жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин тартибинде ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча КР жараны А.Г.М  кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

Алманбет Анапияев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бир нече жолу соттолгон. 2016-жылы Алманбет Анапияевдин сөөгү Беларустан табылган. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев, А.Анапияев, Б.Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана М.Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты