Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

  • 3 месяца мурун

Шыкмаматов Алмамбет президенттин жардамчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.  

Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы кызматында эмгектенген.

Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болгон. Ошол жылдын ноябрь айында парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берген.

Сүрөттө: Алмамбет Шыкмаматов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты