“Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды” деген маалымат манипуляция 

29-ноябрда NazarNews.оrg сайтында, “Али Токтакуновду туулуп өскөн айылындагылар колдобой койду. Ал болгону 12 добуш алган” деген маалымат жарыяланган. 

“Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды” деген маалымат манипуляция 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Али Токтакунов Алай округу боюнча эң көп добуш алган

28-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо, Ата-Мекен партиясынын өкүлү, журналист Али Токтакуновдун 12 добуш алганы боюнча сүрөт, NazarNews.org сайтында жарыяланып аны айылдашы Айкөкүл Асылбекова жөнөткөнү айтылат. Бирок, Айкөкүл Асылбекованын өздүк баракчасында бул маалымат жок. Мындан сырткары, сүрөттө шайлоо округунун номери так көрсөтүлбөгөндүктөн, кайсы округдан тартылганын билүү мүмкүн эмес.

“Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды” деген маалымат манипуляция 

Ал эми, №11 Алай шайлоо округу боюнча, “Ата-Мекен” партиясы эң көп добуш алган. Партияда №3 тизмеде орун алган Али Токтакунов 198 добушка ээ болгон. 

“Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды” деген маалымат манипуляция 

Башкача айтканда, Али Токтакуновдун добуштары боюнча NazarNews.org сайты туура эмес маалымат тараткан. 

Белгилей кетсек, журналист Али Токтакунов 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 

NazarNews.org жана Райымбек Матраимов 

Журналист Али Токтакунов 2019-жылы “Азаттык радиосу”, “Kloop” медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” менен бирге (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан.

Анда, 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов коррупциялык схеманы түзгөнү ачыкка чыгарылган. 

Иликтөөдө, көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Бул коррупцияга малынган схеманын аркасында Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат сыртка чыгарылып кеткен. 

Бул иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Андан кийин да иликтөөлөрдүн сериясы чыгарылып, Райым Матраимовдун миллиондогон долларлык мүлкү, жубайынын жана үй-бүлөсүнүн кирешелери тууралуу изилденген.  

Раимбек Матраимовдун иликтөөсү менен коомчулукка таанымал болгон журналист Али Токтакунов, кийинчерээк бир катар Матраимов менен байланыштуу болгон сайттарда аты аталып, каралана баштаган. 

“Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды” деген маалымат манипуляция 

Сайттагы маалыматтарда “Али Токтакунов эмнеге Райым Матраимовго асылып жатат? Кимдин буйругун аткарууда?” деген маалыматтар чыкса, экинчи жагынан Райымбек Матраимовду жактаган билдирүүлөр чыгып турат. 

Жыйынтык: Али Токтакунов өз айылынан 12 добуш алды деген маалымат жалган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты