«Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчилеринин бири кармалды

  • 1 год мурун

«Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М. жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты