Алексей Навальный Сахаров сыйлыгын алды
- 3 года мурун
Европарламент орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарды.
Бул тууралуу саясатчыны сыйлыкка сунуштаган Европарламенттеги фракция кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди
“Эркиндик, демократия жана адам укугу үчүн күрөшүүдөгү эрдиги үчүн” Навальныйдын талапкерлигин сыйлыкка Европарламенттин ири фракциясы – Европа элдик партиясы жана либералдардын “Европаны жаңылоо” фракциясы көрсөткөн.
Алар саясатчыны Орусия президенти Владимир Путиндин “башкы саясий атаандашы” деп аташкан.
Алексей Навальный январдын аягында Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган.
Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3,5 жылга колонияга жөнөткөн.
Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шарттуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес, кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат.
Адам укуктары чөйрөсүндө жыл сайын бериле турган сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.
Cүрөт: Интернет булактарынан.