Алдатып жиберген акчаларды кайтарып беребиз деген кызматтар — шылуундар (Фактчекинг)
- 1 неделя мурун
- Фактчекинг
Акыркы учурда Фейсбук жана Инстаграм соцтармактарында шылуундарга алдатып жиберген акчаларыңызды кайтарып алууга жардам беребиз деген жарнамалар байма-бай жарыяланууда. Алар өз жарнамаларында мамлекеттик расмий органдардын, белгилүү адамдардын же юридикалык жактардын атын колдонушат. Алар чындап эле жардам бере алышабы же бул шылуундуктун жаңы түрүбү?
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Окшош схема, фейк сүрөттөр жана уурдалган жеке маалыматтар
1. Жарнамалардын бири JCON аталышындагы сайтка алып келди. Өзүн “каражаттарды кайтаруу боюнча юридикалык компания” деп көрсөтүшөт. Сайт брокерлерден, ар кандай финансылык пирамидалардан, бинардык опциондордон, криптовалюталардан, букмекерлерден алдатып жиберген акчаларды кайтарып беребиз деп убадалайт. Бирок компаниянын расмий каттоодо тургандыгы тууралуу сайттан маалымат табууга мүмкүн эмес. Ошондой эле компания тууралуу маалыматты Кыргызстандын Юстиция министрлигинин электрондук реестринен таба алган жокпуз.
Сайтта “адистердин командасы” деген бөлүмүндө 3 юриcттинн сүрөтү, аты-жөнү көрсөтүлгөн. Текшере келгенде сүрөттөр уурдалган болуп чыкты жана ачык маалымат булактарынан мындай адамдарды таба алган жокпуз.
Мисалы, Бекболат Бейбитжанов деп аталган адамдын сүрөтү Freepik деп аталган, ар кандай сүрөттөрдү алууга боло турган сайттан алынган. Дагы ушул сыяктуу эле Алуа Айдосова жана Кирим Узунбаев деген “адистердин” сүрөттөрү жогоруда аталган сайттан алынган.
Ошондой эле, сайтта “кардарлардын пикири” бөлүмү бар. Анда да “кардарлардын” сүрөттөрү жогоруда аталган Freepik сайтынан алынган сүрөттөр болуп чыкты.
Демек бул сайтта фейк адистер жана кардарлар көрсөтүлгөн.
Ошондой эле сайт консультация берүү үчүн колдонуучунун жеке маалыматтарын: аты-жөнүн, почтасын жана телефон номерин сурайт. Ошондой эле сайтта “жеке маалыматтар корголгон жана үчүнчү жактарга берилбейт” деп убада бергени менен, эс кандай кепилдик жок.
2. Дагы бир сайттын аталышы Finzuruck. Сайт интернеттеги “шылуундардан сиздин акчаңызды кайтарып беребиз” деп убада берет.
Консультация алуу үчүн колдонуучудан анын жеке маалыматтарын: аты-жөнүн, почтасын жана телефон номерин сурайт.
Бирок, компания тууралуу башка маалымат жок. Кайсы юрисдикцияда катталган, жетекчилери жана кызматкерлери ким? Адвокат, юристтери? деген суроолорго жооп ала албайсыз.
3. FST.Holding деп аталган сайт. Брокерге алдатып жиберген каражаттарды кайтарып берүүнү убадалайт.
Сайттагы “биздин команда” бөлүмүндө аталган FST Holdingтин кызматкерлери көрсөтүлгөн:
Бирок, берилген кызматкерлерди текшергенде баары жалган болуп чыкты. Бул “кызматкерлердин” сүрөтү — чындыгында “ЕПАМ” деп аталган адвокаттык бюронун мүчөлөрүнүн сүрөтү. Ошондой эле, алардын аты-жөнү жана адистиги чындыгында таптакыр башка. Мисалы компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору катары көрсөтүлгөн Сухова Полинанын чыныгы аты — Мария Зазирная, ал “ЕПАМ” адвокаттык бюросунун ага юристи. Кардарлар менен иштөөнүн жетектөөчү адиси катары көрсөтүлгөн Золотов Арсенийдин чыныгы аты — Владимир Таланов, ал “ЕПАМдын” өнөктөшү. Жана дагы Батыш Европадагы кеңселердин жетекчиси катары көрсөтүлгөн Мельникова Янанын чыныгы аты — Анастасия Берман жана ал аталган адвокаттык бюронун ага юристи. Анастасиянын Фейсбук баракчасы да бар. Тактап айтканда, бул сайттын кызматкерлери жалган, алар “ЕПАМ” адвокаттык бюросунун кызматкерлеринин сүрөттөрүн алып, аларды башкача ысым жана кесиптер менен беришкен.
Ошондой эле, сайт билдирме калтыруу үчүн колдонуучунун жеке маалыматтарын сурайт:
Расмий органдардын атын пайдаланышат
Алдатып жиберген акчаны кайтарууну убадалаган сайттар бир гана юристтердин атын колдонбостон, ар кандай эл аралык жана күч органдарынын атын да колдонушат.
Мисалга алсак, бул сайт жалган “Эл аралык киберполициянын” жасалма эмблемасын колдонот. Чындыгында “Эл аралык киберполиция” деген өз алдынча уюм жок. Ошондой эле, сайт Евробиримдик же ЕвроПолиция сыяктуу расмий уюмдардын колдоосунда экендигин көрсөткүсү келет. Мындан улам бул иш-аракеттердин бардыгы сайтты чындык катары көрсөтүү үчүн жасалганын билүүгө болот.
Сайт билдирүү калтыруу үчүн колдонуучунун жеке маалыматтарын сурайт:
5. Бул шилтеме аркылуу киргенде сизге үч башка убакта, үч башка көрүнгөн сайт ачылат. Башкача айтканда, шилтемени басканда бул үч интерфейстин бирөөнө туш келесиз:
Бирок, алардын бардыгында Интерполдун эмблемасы колдонулган. Бирөөсүнөн Интерполдун баш катчысы Юрген Штоктун сүйлөгөн видеосун көрөсүз. Сайттагы видеодо Юрген Шток брокердик, трейддик шылуундарга алдангандардын көйгөйүн чечүүгө жол табылгандыгы тууралуу, ошондой эле жакында эле алдамчылык кылган брокердик компаниянын бетин ачып, компанияга жана жетекчисине көп суммадагы айып пул салынганын айтып берет. Бирок бул видео — жасалма. Тагыраагы дипфейк. Видеонун оригиналын Интерполдун ютубдагы расмий баракчасынан табууга болот. Оригинал видеодон баш катчы Юрген Штоктун Интерполдун 2023-жылдагы жасаган иштерин айтып, жыл жыйынтыгын чыгарган Жаңы жылдык кайрылуусун көрө алабыз.
Ошондой эле бул сайт дагы “жардам берүү” үчүн колдонуучунун жеке маалыматтарын сурайт.
6. Интерполдун эмблемасын бул сайт дагы колдонот.
Сайтта Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин сүйлөгөн сөзү бурмаланып берилген. Сайттагы видеодо Гуттериш шылуундардан акчаны кайтарып алуу үчүн жаңы алгоритмдин ойлоп табылганы тууралуу айтат. Бирок бул дагы — фейк. Оригинал видеодо Гутерриштин БУУнун Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү берилген.
Бул сайт дагы колдонуучунун жеке маалыматтарын сурайт.
7. Шылуундардан акчаңызды кайтарып берүүнү убадалаган дагы бир жарнаманын бул шилтемеси компьютерде жана телефондо эки башка сайтка алып барат. Шилтемени мобилдик телефон аркылуу ачканда биз айтып жаткан күмөндүү кызматты сунуштаган сайт ачылат. Ал сайт Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) атын колдонуп, ЖККУ Киберполиция менен биргеликте шылуундардан жабыр тарткандардын каражаттарын кайтарып берет деп убадалайт. Бирок ЖККУнун расмий сайтынан бул маалыматты таба алган жокпуз.
Ошондой эле сайт “жардам берүү” үчүн сиздин жеке маалыматтарыңызды сурайт.
Дипфейк, жасалма маалыматтар: Бул кызматтар өзүн кантип жарнама кылышат?
Шылуундарга алдаткан акчаларды кайтарып берүү кызматтарын көрсөтөбүз деген сайттар өзүн Фейсбук жана Инстаграм соцтармактарында жарнама кылышат.
Алар өз жарнамаларында эл аралык коопсуздук уюмдардын эмблемаларын, Кыргызстандын желегин, күч органдардын сүрөттөрүн, белгилүү адамдардын же кызмат адамдарынын сүрөттөрүн колдонушат.
Мисалы бул жарнамада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин парламентте сүйлөп жаткан сүрөтү колдонулган.
Бул жарнамада күч органдары шылуундарды массалык түрдө кармай баштады деген маалымат берилген. Бирок чындыгында сүрөт “Казакстандын 3 шаарында УКМК, ФСБ, ИИМ жана прокуратура кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлдү” деп аталган жаңылыктан алынган. Бул жаңылыкта эч кандай интернет шылуундары тууралуу айтылган эмес.
Ал эми бул жарнамада Кыргызстандын желеги жана герби берилген.
Бул рекламада Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Тасмагамбетов Имангалинин сүрөтү, ошондой эле аталган уюмдун эмблемасы берилген. Тасмагамбетовдун бул сүрөтүнүн оригиналы “Спутник” маалымат агенттигинин кабарында берилген.
Ошондой эле, бул кызматтар өз жарнамаларында дипфейкти да колдонушат. Төмөндө берилген видеодо эгерде шылуундарга акчаңызды алдатып жиберсеңиз, анда Интерполго кайрылыңыз деген жарнаманы көрүүгө болот. Бирок видео дипфейк аркылуу жасалган. Видеонун “Спутник” маалымат агенттигинин сайтында берилген оригиналында «Россия сегодня» медиагруппасынын башкы директору Дмитрий Киселевдин Украина менен болгон согушта Орусия маалыматтык согушту кантип жеңе алат деген суроого жооп берип жатканын көрүүгө болот.
Мындай күмөндүү кызматтарды сунуштаган сайттар өз жарнамаларында дипфейкти абдан кеңири колдонушат. Анда белгилүү адамдардын видеосун алышып, анын үнүн жана ооз кыймылдарын жасалма интеллектин жардамы менен өзгөртүп, бурмаланган маалыматтарды беришет. Буга чейин Фейсбук соцтармагында президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун дипфейктери тарап кеткен. Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов өзүнүн фейсбук баракчасына мамлекет башчылары катышкан “Кыргызнефтегазга”, акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатканын жазып чыккан.
Ошондой эле “Политклиника” медиасы дагы дипфейктердин зыяны тууралуу “Дипфейк: Жасалма интеллекттин жакшырган мүмкүнчүлүктөрү жана кесепеттери” деген материал жарыялаган. Анда шылуундар дипфейктин жардамы менен белгилүү адамдардын видеолорун жасап, жалган маалымат таратып жаткандары айтылган.
Аталган кызматтар эмнеси менен коркунучтуу?
Биринчиден кызматтарды көрсөткөн сайттар консультация беребиз деген шылтоо менен сиздин жеке маалыматтарыңызды сурашат. Сайттар сиздин маалыматтарыңызды: аты-жөнүңүздү, почтаңызды жана телефон номериңизди башка үчүнчү тараптарга, тактап айтканда, башка шылуундарга бериши же сатышы толук мүмкүн.
Мисалы, биз бир сайтка өзүбүздүн маалыматтарды, анын ичинде телефон номерибизди бергенде, бизге эки күндө 24 ар башка чет элдик номерден чалышты. Демек, биздин телефон номер жайылып кеткен.
Ошондой эле, бул кызматтар акчаны кайтарып берүү үчүн сизден кайрадан акча сурашы мүмкүн. Башкача айтканда, бул шылуундуктун эле башка түрү. Алар көп суммада акчасын жоготкон адамдардын абалынан пайдаланып, ар кандай убадалар менен жардам көрсөтүү үчүн сизден кайрадан акча сурашы мүмкүн.
Соцтармактардагы аталган кызматтардын жарнамалары байма-бай чыгып турганы менен, алардын алдында комментарийлер дээрлик жокко эсе. Бирок кээ бир учурда посттордун алдында “бул шылуундар, абайлаңыз” же “мен аларга кайрылып көрдүм, алар да акча сурашат” деген комментарийлерди көрүүгө болот.
Жыйынтык: Соцтармактарда байма-бай жарыяланып жаткан аталган кызматтар көп шектенүүлөрдү жаратат. Алар өз жарнамаларында жалган маалыматтарды, дипфейктерди өтө көп колдонушат. Ошондой эле, ар кандай расмий органдардын, уюмдардын, белгилүү инсандардын атын колдонушат. Алар “биз Интерпол менен, күч органдары менен, же болбосо белгилүү юристтер менен иш алып барабыз” деген жалган маалыматтарды беришет. Алар сайттарында көрсөткөн органдар же юристтер чындыгында жок адамдар. Ошондой эле өз жарнамаларында белгилүү адамдардын дипфейктерин колдонушат.
Алардын ар бири сиздин жеке маалыматтарыңызды алууга кызыкдар. Аты-жөнүңүздү, почтаңызды жана телефон номериңизди алар башка шылуундарга жайып жибербейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Алар сизден аталган кызмат үчүн акча сурап, акча алгандан кийин сиз менен байланышты толук үзүшү мүмкүн. Себеби алар сизге чындап жардам берүүгө кепилдик берүүчү эч нерсе сунушташпайт.
Жыйынтыктап айтканда, аталган кызматтар абдан күмөндүү жана ишеничтүү эмес. Сиздин оор абалыңыздан пайдаланып, ар кандай убадаларды берген кызматтардан сак болуңуз!
Сүрөт: интернет булактары