Алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-мартында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, «MIRELLE & COMPANY» ЖЧКсынын директору туристтик тур уюштуруу үчүн 307 миң 500 сом акча алып, бирок өз милдеттенмелерин аткарган эмес.
Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К. аттуу жаран аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Муну бөлүшүү




