Алдамчылыкка шектелген 32 жаштагы жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

Алдамчылыкка шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Чет өлкөлүк жаран «Интерпол SOS» өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз менен кайрылган. Анда, Францияга баруу үчүн туристтик виза алуу шылтоосу менен Telegram каналын колдонуп, 8400 доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алышкан. Мындан тышкары которуу системасы аркылуу 11 833 сом өлчөмүндө экинчи төлөм жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин өкүлдөр убадаларын аткарбай, байланышка чыкпай жатышкандыгын билдирген.
Маалымат алуу, материалдык далилдерди чогултуу жана окуянын чоо-жайын аныктоо максатында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-техникалык жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүү 1992-жылы туулган К. З. аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.З аттуу жаран күнөөсүн мойнуна алып, андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты