Алдамчылык жолу менен Россияга автоунааларды сатып жүргөн жаран кармалды
- 1 год мурун
1980-жылы туулган А.А.А. аттуу жаран үч автоунааны — “L7”, “L9” жана “BMW X5” — Россияга алып барып сатып берем деп Ш.А.Ш. аттуу жаранды алдаган. ИИМдин маалыматына ылайык, ал BMW X5 унаасын 11 млн рублга сатып, калган эки унааны күрөөканага коюп, акчасын төлөбөй из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун Ноокат шаарынын тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Муну бөлүшүү




