Алдамчылык фактылары менен “Ашар” бирикмесинин негиздөөчүсү кармалды
- 2 года мурун
“Ашар” коомдук фондунун негиздөөчүсү, буга чейин алдамчылык фактылары менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2000-жылы туулган К.А. аттуу шектүү кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ал президенттин жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, элдин акчаларын алдамчылык жолу менен алып жүргөн “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Каныбек уулу Алиакбар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынды
“Алгачкы эле тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 600дөн ашык адамдардан, 150 миллионго жакын акча каражаттарды чогултуп алгандыгы тастыкталган. Ошондой эле алданган жарандардан бир күндө эле болжол менен 500 000 сомдон акча төлөмдөрүн алып турганы, учурда кайтарууга эч кандай каражаттары жок экендиги аныкталды” деп айтылат Бишкек ИИББ басма сөз кызматынын маалыматында.
Бишкек шаарынын ИИББнын тергөө кызматы тарабынан кылмыш кодексинин 209 (Алдамчылык ) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Буга чейин Медиа Хаб басылмасы алдамчылык фактылары боюнча иликтөө жарыялаган. Ал эми кийинки кездерде кармалган жарандын аты кайрымдуулук жасагандардын арасында да аталып жүргөн.
Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы




