Аламүдүндө өрт кырсыгынан бир адам каза болду

  • 2 года мурун

Аламүдүндө өрт кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-декабрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылынын Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 16:45де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен Б.О. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген. Мындан сырткары кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган В.О. аттуу эркек киши жабыркады.

Куткаруучулар жаранды үйдөн чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты