Аламүдүндө парапландан кулаган орус жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү
- 11 месяцев мурун
Аламүдүндө парапландан кулаган орус жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
20-август күнү кечинде саат 23:55те Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп жүрүп, кулаганы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.
Бүгүн, 21-августта Орусиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү