Аламүдүндө милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды
- 2 года мурун
Аламүдүндө милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
4-июлдан 10-июлга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жан ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында «Кара-Курай» аталышындагы иш-чара жүргүзүштү.
Иш-чараланын алкагында бүгүнкү күндө Васильевка жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып, 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.
Мындан тышкары, учурда милиция кызматкерлери, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштери да жүргүзүшүүдө.
Жыл сайын Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүлүп келет. Учурда рейддик иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүүдө.