Аламүдүндө кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Аламүдүндө кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылынын Береговая көчөсүнүндө жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада иш алып барышууда.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 07:48де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты