Аламүдүндө аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

  • 11 месяцев мурун

Аламүдүндө аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан А.Б. аттуу жарандын арызы боюнча материал түшкөн. Арызда Аламүдүн районундагы Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К.га чара көрүү өтүнүчү көрсөтүлгөн. Ал 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын жашоочуларын чогултуп, бул айылга башка аймактардан келген жашоочуларга карата өз эрежелерин түзүп жана ошондой эле бул айылдан аларга орун жок экендигин ачык билдиргенин айтып чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Аталган окуя боюнча материалдар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты