Аламүдүндө 17 жаштагы кыз айдап бараткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду
- 2 года мурун
Аламүдүндө 17 жаштагы кыз айдап бараткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«11-мартта Аламудун районунун Кашка-Суу айылында Хонда СРВ үлгүсүндөгү автоунааны 2006-жылы туулган А.А. аттуу жаран башкарып бара жатып, тоголонуп кетип жол кырсыгына учураган.
Андан автоунаанын жүргүнчүсү 2006-жылы туулган З.А. окуя болгон жерден алган жаракаттардын кесепетинен каза болгон, ал эми 2006-жылы туулган Э.А, 2006-жылы туулган С.М, 2006-жылы туулган А.А, 2006-жылы туулган М.А. ар түрдүү жаракат алышып ооруканага жеткизилген.
Аталган окуя Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө чейинки текшерүү иши башталган«, — деп жазылат маалыматта.
Текшерүү иши боюнча тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.