Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысына кылмыш иши козголду

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Н.Ш.га кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси жана 222-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

«Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап турганда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңишти ыйгарган. Муну менен бирге, Ш.Н.Ш. кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында, айыл өкмөтүн башкарып турганда, башка фигуранттарга каттоо менен, бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алган» деп айтылат маалыматта.

Малыматта мыйзамсыз ыйгарып алган мүлктөрү да саналган, алар- 20 жер тилкеси, 29 автоунаа, 6 жеке үй, 31 батир, 5 өндүрүштүк цех, бетон заводу, соода борбору, спорт комплекси, кум жана шагыл чыгаруучу карьер, техникалык тейлөө станциялары , унаа токтотуучу 3 жай, 3 сарай, 6 ресторан.

2023-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты