Аламүдүн районунда жаңы комплекс курулат

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен жаңы комплекс курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган комплекс өзүнө мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, дүкөн, мечит жана имам үйүн камтыйт. Бүгүн, 11-ноябрда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин жана “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин директору Мади Махамед Абделлатиф Ахмеддин катышуусунда комплекстин курамына кирген 240 орундуу мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Комплекстин долбоорунун жалпы суммасы болжол менен 53 миллион 500миң сомду түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты