Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

  • 7 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын маалымдады.

Жашыруун жерден Ф-1 грнатасы, эски үлгүдөгү болжолдуу «Браунинг 1900» маркасындагы тапанча, МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча, төмөнкү калибрдеги патрондор — 7,62 мм – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9.18 – 17 даана, ошондой эле  Калашников жеңил автоматынын магазини  табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты