Аламүдүн капчыгайында жоголгон жигитти 282 адам издөөгө чыкты

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 23-январда таң эрте Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан улантылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны издөөгө күндөгүдөй куткаруучулар жана ИИМден тартылды

Учурда 282 адам чыкса, анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты