Алайдагы сел эки айылды байланыштырган көпүрөнү алып кетти

  • 2 года мурун

Ош облусунун Алай районунда сел жүрүп, Гүлчө жана Корул айылдарын байланыштырган көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда түштөн кийин жааган кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарындагы үйлөрдүн короолоруна кирген. Тургундар жабыркаган эмес.

Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен.

Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат. Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты