Алайда сел кесепеттерин жоюуга 105 адам тартылды

  • 3 месяца мурун

Алайда сел кесепеттерин жоюуга 105 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелден тартып 22-апрелге чейин жааган жамгырдан Гүлчө – Жошолу жолунун 3-7-чакырымы убактылуу жабылган. Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 5 үйдүн, 1 мектептин жертөлөсүнө сел кирип жана 7,2 гектар огородду сел басып, 6 ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Бүгүн, 22-апрелде селдин кесепеттерин жоюу иштери кайрадан уланды. ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 50, жергиликтүү бийликтен 10, тургундардан 20, ИИБ кызматынан 10, жалпысынан 105 адам тазалоо иштерине чыгышты. 2 мотопомпа, 2 жүктөгүч, 3 жүк ташуучу унаа,1 экскаватор, 1 грейдер.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты