Алайда ок атуучу куралдын ээлерине айып салынды

  • 2 года мурун

Алайда ок атуучу куралдын ээлерине айып салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин укук бузуулардын алдын алуу боюнча эки айлык иш-мерчеминин алкагында облус аймагында 20-ноябрдан баштап “Коомдук жайдагы коопсуздук” акциясы өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Алай районунда 18-декабрда “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда кызматкерлер 16-19-декабрь күндөрү райондук ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө 168 ок атуучу курал текшерилип, ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 5 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 134-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 15000 (он беш миң) сом айып салынды.

Аны менен катар пиротехникалык жардыруучу заттарды сатып жаткан соодагерлерге коопсуздук чаралары тууралуу эскертүүлөр берилди.

Иш-чаранын максаты — ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерин алдын ала аныктоо жана аны болтурбоо болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты