Алайда көмүрдү байытуучу ишкана ачылды

  • 1 месяц мурун

Ош облусунун Алай районунда көмүрдү байытуучу ишкана ачылды. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты. 

Бул тууралуу парламент сайтында маалымат берилди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө,  көмүрдү жууп тазалоо процесс көрсөтүлдү. Мындагы карьердин  башкалардан өзгөчөлүгү көмүрдүн таш, топурактарын ажыратып, ошондой эле, иштетилбей калган көмүрлөрдү  экологияга зыянын тийгизбей иргеп, жарактуусун чыгарып берет. 

Маалыматка ылайык аталган ишкананын курулушу 2023-жылы башталып, учурда 35 адамга иш орундары түзүлгөн.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты